Жубайлар БИРГЕ УКТАШЫ керек

1 февраля 2021 Жубайлар БИРГЕ УКТАШЫ керек

Жубайлардын бир төшөктө уктаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кээде казан-аяк кагышканда бир төшөккө жатпай, эки бөлөк жатып алгандар да болот. Бирок, андай кылбаш керек. Себебин төмөндөн окуңуз.

Бирге уктоо өмүрдү узартат

Статистика боюнча жубайлар бирге уктаганда ден соолугу жакшырып, узак өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер жодошуңуз менен араздашып, эки башка уктап жүрсөңүз, аны узакка созуп кереги жок.

Бирге уктоо стресстен арылтат

Ар бир аял жолдошунун жанында жатканда өзүн коргоочусунун жанында жаткандай сезет. Жанында жаткан күйөөсүнө ишенет. Нерви тынчтанат. Эгер бөлөк жатса, аялдын оюна түрлүү нерселер келип, кабатырлана баштайт.

Балалуу болгондо да бирге уктоо керек

Айрым аялдарда балалуу болгондон кийин сүйүүсүнүн баары баласына ооп кетет. Бала менен эненин сүйүүсү өзгөчө, бирок жолдошу менен бөлөк жатууга да болбойт.

Бирге уктоо иммунитетти бекемдейт

Окумуштуулардын аймытында, бирге уктоо иммундук системага оң таасирин тийгизип, суук өтүү процессин төмөндөтөт.

Бирге уктоо махабат гормонун көтөрөт

Махабат гормону жогорулаганда тынчсыздануу сезиминен арыла баштайсыз. Башкача айтканда, бирге уктаганда жубайлар уйку канбоо жана чарчап-чаалыгууну аз сезет.

Бактылуу аял тез уктайт

Психологдор күйөөсү менен бирге уктаган аялдар, ар түрдүү шылтоо менен күйөөсүнөн бөлөк жаткан аялдарга караганда, өздөрүн абдан бактылуу сезишет. Мындан тышкары, жалгыз жаткан аялдарга салыштырмалуу тез укташат. Ошондуктан, тынч уктагысы келген аялдар жолдошу менен укташы керек.