Мектеп директорун конкурс менен тандап, 5 жыл сайын аттестациялоо мыйзамы сунушталды

29 января 2021 Мектеп директорун конкурс менен тандап, 5 жыл сайын аттестациялоо мыйзамы сунушталды

Мектеп директорлорун конкурстук негизде кызматка дайындап, ар беш жыл сайын аттестациядан өткөрүп туруу мыйзам долбоору сунушталууда. Аталган демилгени Жогорку Кеңештин Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко баш болгон беш депутаты сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо жана кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо тутумун жакшыртуу болуп саналат.

"Бүгүнкү күндө билим берүү уюмдарынын жетекчилерине педагогикалык эле эмес башкаруучулук, кадрдык, каржы-чарбалык жана уюштуруучулук маселелерин чечүү жүктөлгөн. Алар педагогдордон тышкары окуучулар, ата-энелер, кесиптик кошуундар, коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен иштөөгө милдеттүү. Ошону менен бирге ал жакшы педагог эле эмес, коллективди ийгиликтүү башкарган эффективдүү менеджер болуусу керек. Бирок билим берүү уюмдарынын жетекчисинин ролу бийик экенине карабай кесиптик компетенттүүлүгүн аныктоого жол берген конкурс жана аттестациялоо тутуму жок", — деп айтылат долбоордо.

Демилгечилердин бири Абдывахап Нурбаев мыйзам жогорку окуу жайлардын ректорлоруна эмес, мектеп директорлоруна тиешелүү болорун билдирди.

"Учурда мектеп директорлору түз эле дайындалат. Биз алгач кесипкөйлүгүнө ынануу үчүн конкурс аркылуу тандап алууну сунуштап жатабыз. Аны менен катар ар беш жыл сайын аттестациядан өткөрүүнү демилгеледик. Бул жетекчилердин кесиптик квалификациясын жогорулатууну стимулдаштырууга шарт түзөт жана билим берүү системасына оң таасирин берет. Мыйзам долбоорун Билим берүү министрлигинин эксперттери менен биргеликте даярдадык", — деди Нурбаев.

Конкурстун жана аттестациялоонун жол-жобосун иштеп чыгуу өкмөткө жүктөлөт.

sputnik