Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 24 млн. доллар бөлөт. Акча кайда жумшалат

4 декабря 2018 Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 24 млн. доллар бөлөт. Акча кайда жумшалат

Келишим ноябрдын аягында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы финансылоо келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Экономикалык башкаруу багытында өнүктүрүү саясатын каржылоо" келишимине 14-ноябрда Бишкекте кол коюлуп, эки жумадан кийин Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

"Кыргызстан 24 миллион долларлык жардам алат. Бул каражаттын жарымы — насыя, калганы — грант. Финансы республикалык бюджетти колдоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Дүйнөлүк банктын тобуна кирет.



Дагы: sputnik.kg, фото - © AFP 2018 / ADEK BERRY