Матчанов: Өзбекстанда "Делбиримге" кыргыз кыздардын тартылышына нааразы болушкан

4 декабря 2018 Матчанов: Өзбекстанда "Делбиримге" кыргыз кыздардын тартылышына нааразы болушкан

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасы 5-декабрдан тарта Кыргызстанда көрсөтүлүп баштайт.

 Өзбекстанда дагы "Делбиримде" эмнеге кыргыз кыздары ойнойт?" деген нааразычылыктар болду. Бул туурасында Өзбекстандын Кинематография союзунун төрагасы Матякуб Матчанов Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон маалымат жыйында айтты.

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасы 5-декабрдан тарта Кыргызстанда көрсөтүлөт. Анын катышуучулары бүгүн Бишкекте маалымат жыйын курушту.

"Чыңгыз Айтматов чыгармаларын бир эле кыргыздар үчүн деп жазган эмес да, ал дүйнө элине арнаган. Кыргыздар ойнойбу, же өзбектерби, бизге айырмасы жок. Башкысы — мыкты тасма жаралышы керек. Мадина өзүнүн ролун өтө жакшы ойноду. Жакында эл аралык фестивалда ал бекеринен мыкты актриса болгон жок да. Ошол сыйлыкты алганда режиссер Сарвар Каримов жаңылбаганын эстедим. Ал башында Мадинадай кызды Өзбекстандан тапмак эмесмин деген эле", — деди Матчанов.

Ошондой эле ал кинону көргөндөн кийин мындай пикирлер айтылбай каларын баса белгиледи.

"Кинону көрсөңүздөр кайсы өлкөнүн актер, актрисалары ойноп жатканын унутуп каласыздар. Анткени бизде да ушундай маселе көтөрүлүп, бирок тасманы көргөндөн кийин мындай ойлор өзүнөн-өзү жоголуп кетти", — деди Матчанов.

Ал эми продюсер Паризат Жакыпбекова кыргызстандык жигиттер да кызганып, анысы түрдүү коркутуулар менен коштолгонун билдирди. Тасманын башкы максаты  эки элдин достугун чыңдоо экенин белгилеп, мындай нерсе негизсиз сын экенин айтты.



Дагы: sputnik.kg