Садыр Жапаров ант берип, президенттикке киришти

28 января 2021 Садыр Жапаров ант берип, президенттикке киришти

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берди.

Инаугурацияда өлкө башчыга КРдин президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, штандарт жана төш белги тапшырылды.

Ант берген соң КРдин гимни жаңырып, келген коноктор ордунан туруп аны президент болушу менен кол чаап куттукташты.

Белгилей кетсек, президенттин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү келгенин түз эфирден көрүүгө болот.

sputnik