Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы. Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды ырчы.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.