Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер шайланды

27 января 2021 Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер шайланды

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сыдыгалиев 77 депутаттын колдоосуна татып, вице-спикер болуп шайланды. Ал эми атаандашы Исмаилов 38 эл өкүлүнүн добушун алды.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

sputnik