Каза болгон аялын кайра тирилткиси келген эркек аялынын денесин 50 жыл бою муздаткычта сактап келген

27 января 2021 Каза болгон аялын кайра тирилткиси келген эркек аялынын денесин 50 жыл бою муздаткычта сактап келген

Кытайдын Шаньдун провинциясынын жашоочусу келечекте кайра тирилтүү үмүтү менен өпкө рагынан каза болгон аялынын денесин муздаткычта сактап келген.

Гу Жунминдин (Gui Junmin) 49 жаштагы аялы Чжан Вэнлян (Zhan Wenlian)  өпкө рагы менен ооруган. Ал каза болгондо Жунмин аялынын денесин криогендик аяз менен сактоону ойлойт.

Бул оюн кылдат изилдегенден кийин ал аялынан мындай процедурага макулдугун сураган. Ошол учурда залалдуу шишик Вэнляндын мээсине тарап кеткен болчу. Ал тилден калып, бет булчуң эттерин башкара албай турган абалга жеткен. Аялы эгер макул болсо, күйөөсүнүна колун кысууну суранган.

“Албетте, ал макул болду. Антпесе, ал менин колумду кармабайт болчу”, - деди күйөөсү.

Жунмин аялына: “Бир гана укташың керек”, - деген.

Адистер аялдын денесин дароо муздатуу үчүн 55 сааттык операция жасашат. 50 жыл мурда аны криогендик резервуарга саларда күйөөсү аялын акыркы жолу көрөт. Аялы кадимки уктап жаткан адамдай көрүнгөн.

Криогендик тоңдурууга арналган резервуар эки миң литр суюк азот менен толтурулат. Ал минус 196 градус температураны сактайт. Бирок, анын ичинде Вэнляндын жүрөгү 2017-жылдын 8-майында токтогон.