Айлыгын ала албай жүргөн жолчулар Бишкекке келип митингге чыгышты. Сүрөт

26 января 2021 Айлыгын ала албай жүргөн жолчулар Бишкекке келип митингге чыгышты. Сүрөт

Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты.

Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы.

Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат. Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты. Алардын бири Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев.

"Акыры айлабыз кеткенде үнүбүздү чоңдорго жеткирели деп Бишкекке келдик. Жеке мен декабрдан бери айлык ала элекмин. Эмгек өргүүгө чыксак, аны да төлөп беришкен жок. Биз аба ырайы кандай болгонуна карабай жолдо иштеп, бирок акыбызды ала албай чуркап жүрөбүз. Ал эми кышкысын жылуу, жайында көлөкөдө отурган мекеме кызматкерлери убагынан кечиктирбей алууда", — деди Кенжебаев.

Чогулган жолчулардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210126/1051227652/zholchular-mitinge-chykty-mayana.html