Президенттин аппараты Садыр Жапаровдун Россияга болчу иш сапары боюнча үн катты

26 января 2021 Президенттин аппараты Садыр Жапаровдун Россияга болчу иш сапары боюнча үн катты

Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун Россияга болчу расмий иш сапары боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда "Сыягы, Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Байтерек аталган маселе боюнча үн катты.

"Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Россияга жасоону пландоодо. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Россия тарап менен иш сапардын датасы жана мазмуну иштелип, даярдалып жатат. Соцтармакка тараган "Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурдан пайдаланып коомчулукту мындай чагымчыл маалыматтарга ишенбей, такталган гана билдирүүлөрдү окууга чакырып кетет элем", — деген Байтерек.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт.

sputnik