Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты

26 января 2021 Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты

Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, тергөө учурунда мекеменин мурдагы жетекчиси Ю.Б.К. коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирген 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө зыянды төлөп берген.

Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.

Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.

sputnik