Тез эле дат басып кетчү беш автоунааны аныкташты. Тизме

24 января 2021 Тез эле дат басып кетчү беш автоунааны аныкташты. Тизме

Россиянын "За рулем" журналы тез эле дат басып кеткен беш автоунааны атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка таянсак, биринчи чыккан Lada Granta үлгүсүндөгү автокөлүктөрдү тез дат басып кетиши ыктымал.

Журналда жазылгандай, Lada Granta автокөлүгүнүн капотунун алды жана түбүнүн капталдары сырдалбагандыктан тез дат басат. Автоунаа ишке берилген соң үч-төрт жылдан кийин анын эшигинин алды менен босогосунда дат пайда болушу ыктымал.

Журнал муну сапатсыз цинк менен каптоо менен байланыштырган.

Басылма седанга караганда, лифтбек алууну сунуштаган. Анткени анын кузову даттан корголуп жасалат.

Тез дат басып кетүү көйгөйү Renault Logan жана Sandero үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине да келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, мындай автокөлүктөрдө дат бир нече кыштагандан кийин пайда болушу ыктымал. Мында да седандардын каррозияга кабылары айтылды.

Анча кымбат эмес кроссоверлердин арасынан Skoda Yeti автоунаасы да жогорудагыдай "илдетке" тез кабылган автоунаалардын катарына кирген.

Япония өндүрүп чыгарган Mazda 6 үлгүсүндөгү автокөлүк дагы бештиктин ичинде. Айрыкча, бул үлгүдөгү автоунаанын биринчи чыккандарында дат 3-4 кыштагандан кийин эле пайда болот.

Тез дат баскан жагынан алдыга Россияда чыгарылган жолтандабас "Патриот" аттуу УАЗ чыккан. Маалым болгондой, дат анын 2018-жылы чыккан үлгүлөрүнөн табылган.

sputnik