Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны 6000ге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволук комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча вирустук оорудан каза болгон адамдардын саны 1 392 деп көрсөтүлүүдө.
"Биздин жумушчу топ 2016-жылдан берки Кыргызстандагы адам өлүмдөрүн анализдеп чыкты. Орто эсеп менен бир кварталда Кыргызстанда 8 250 адам каза болот. Муну эсептеп жатканда 2020-жылдын эки кварталы да кошулду. Эми карап көрөлү, өлкөдө июль-сентябрь айларында 12 028 адам каза болуптур. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырсак 4 171 адамга көп. Ал эми октябрь-ноябрь айларында 7 577 киши көз жумган. Муну 2016-жылдан берки ушул мезгилдерге салыштырып көргөндө 1 820га көп чыкты", — деди Турсунбекова.
Натыйжада ведомстволор аралык комиссия Кыргызстанда июль айынан ноябрга чейин коронавирус менен пандемиядан 6000дин тегерегинде адам каза болгон деген тыянак чыгарган.
"Учурда расмий маалыматта 1 392 адам көз жумду деп жатат. Эми Саламаттык сактоо министрлиги ушул өлүмдөр боюнча түшүндүрүп бере алабы? Былтыр эмнеге алты миңге көбөйүп кетти?" — деди Турсунбекова.
Айдай Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун кызы.