Казакстандык жигит өзгөчө келбети менен элди таң калтырды

22 января 2021 Казакстандык жигит өзгөчө келбети менен элди таң калтырды

19 жаштагы казакстандык Евгений Ли өзүнүн өзгөчө келбети менен элди таң калтырды. Альбинос жигит мода индустриясындагы адистердин көңүлүн бурду. Азыр ал өзүн модель катары сынап жатат.

Евгенийдин энеси орус, ал эми атасы корей. Алар чогуу жашашпайт. Азыр жигит достору менен батир жалдап жашайт. Көрүүсү бузулган балдарга арналаган мектеп-интернатына окуган. Анын хоббиси – музыка, социалдык тармактарда сүйлөшүү, коньки тебүү.

Евгений азыркы учурда медициналык колледжде окуйт. Ага фотосессиялар жагат жана алдыга умтулууну каалайт. Окууну бүтүргөндөн кийин массажист болууну кыялданат.

Ал жылына эки жолу дарылоо курсунан өтөт. Анын көрүү жөндөмү начар. Ага күндүн астында көп жүрүүгө жана күнгө күйүүгө болбойт.