Кытайда коронавируска каршы чектөөнү бузган пенсионерди устунга таңып салышты видео

22 января 2021 Кытайда коронавируска каршы чектөөнү бузган пенсионерди устунга таңып салышты видео

Оорунун көбөйүшүнөн улам жергиликтүү тургундарга өтө зарылчылык болбосо үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Видео

Кытайдын Хэбей провинциясында жергиликтүү чиновниктер коронавирус инфекциясына байланыштуу жарыяланган карантин учурунда көчөдө сейилдегени үчүн кары кишини жазалоону чечишкен. Натыйжада пенсионер зым карагайга байланган, деп Daily Mail кабарлайт.

Жарыяланган кадрдан тартип сакчылары карыяны устунга байлап, ошол эле учурда ковидке каршы киргизилген чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн урушуп жатышканы көрүнүп турат. Жергиликтүү бийлик тарабынан жазалоо фактысы тастыкталганы менен бул тууралуу кеңири комментарий берүүдөн баш тартышкан.