Бала бакчада балдар кичине кызды сабап коюшкан. Видео

20 января 2021 Бала бакчада балдар кичине кызды сабап коюшкан. Видео

Тарбиячы балдардын мушташып жатканын көрсө да, жардам берүүгө шашкан эмес. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

ВИДЕО

Орусиянын Ярославль шаарындагы бала бакчалардын биринде балдар кичине кызды сабашкан. Алар жерде жаткан кызды тебишип, кол менен уруп, үстүнөн басып өтүшкөн. Бул окуяны жакын жердеги үйдө жашаган күбө видеого тартып алат. Тарбиячы терезеден күбөнү көргөндөн кийин гана балдарга барган.

Ярославль облусунун билим берүү башкармалыгы департаментинин директору Елена Иванованын айтымында, кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө төпөштөгөн тайпанын тарбиячысы жумуштан чыгарылды.