Жыт сөзбөө айыккыс оорунун биринчи белгиси экени аныкталды

20 января 2021 Жыт сөзбөө айыккыс оорунун биринчи белгиси экени аныкталды

Айыккыс Паркинсон оорусунун алгачкы белгилеринин бири – жыт сезбөө. Бул тууралуу Express гезити кабарлайт.

Изилдөө көрсөткөндөй, Паркинсон менен ооруган адамдардын 90 пайызы жыт сезбей калат.

Адатта, окшош диагнозу бар бейтаптар жыт сезүүдөгү өзгөрүүлөр тремор же башка кыймыл проблемалары башталганга чейин бир нече жыл мурда болгонун эстей алат.

Айрым учурларда, адам Паркинсон диагнозу коюлганга чейин он жыл мурун жыт сезүү жөндөмүн жоготушу мүмкүн жана дал ушул этапта мээдеги эрте өзгөрүүлөрдү аныктоого болот.