Жаңы саркеч тренд: мода кууган жаштар мурдуна тату тарта башташты

20 января 2021 Жаңы саркеч тренд: мода кууган жаштар мурдуна тату тарта башташты

Жада калса, улгайган адамдар да модадан калышпай, трендди кайталоого киришкен.

Бүгүнкү күндө моданын акыркы үлгүсүнөн артта калгысы келбегендер түрдүү аракеттерге барышууда. Дал ушундай тенденциянын ачык үлгүсү катары мурдуна жарыша тату тарттырып жатышканын мисалга келтирүүгө болот.

Мурдуна сүрөт тарттырып үлгүргөн адамдар бул процедураны жасаган учурда катуу ооруй тургандыгын, ага чыдоо керектигин жашырышкан эмес.

Мурунду кийим менен жашыруу мүмкүн эмес, бул дене мүчөсүнө сүрөт тарттыргандын жоругу акылга сыйбас көрүнүш. Ар бир тарттырган тату оңой менен кетпейт.