Коронавируска каршы дүйнөдө биринчилерден болуп Россияда – Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунда түзүлдү. Препаратты былтыркы жылдын август айында каттоодон өткөрүштү.
COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи түзүлгөн россиялык вакциналардын бири, "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулган. Бул тууралуу KurskCity маалымат порталы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. 2000-жылы Курскидеги мамлекеттик медициналык университеттин "Биомедициналык инженерия" факультетин аяктаган.
Таланттуу студенттин жөндөмүн окутуучулар байкап калган соң, Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунда иш-тажрыйба топтоого жиберишкен. 2011-жылы ал доктордук диссертациясын жактаган.
43 жашында Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий иштер боюнча борбордун директорунун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.
Гам-КОВИД-Вак деген аталыштагы россиялык вакцина, кийин "Спутник V" деп өзгөртүлүп анын жетекчилиги алдында түзүлгөн. Ал эки компоненттүү препарат: эмдөөдөн өткөндөн кийин, экинчисин 21 күндөн соң жасоо керек. Логуновдун тайпасында Курский медициналык университетинин эки бүтүрүүчүсү — Наталья Артемичева жана Дмитрий Шебляков бар.
2019-жылы Россия Федерациясынын президентинин жарлыгы менен "Ата мекенге эмгеги сиңген II даражадагы ордени" менен сыйланган. Ошондой эле жаш окумуштуу 140 илимий иштин автору, анын жетекчилиги менен төрт кандидаттык диссертация жакталганы айтылат.
Логунов өткөн жылы Sputnik агенттигине маек берип, коронавируска каршы вакцинаны сыноо кандай өткөнүн жана аны алган ыктыярчылардын абалы тууралуу айтып берген.