Ошто энергетиктер мамлекеттик мүлктү сатып жиберишкени аныкталды

19 января 2021 Ошто энергетиктер мамлекеттик мүлктү сатып жиберишкени аныкталды

Ошто мамлекеттик мүлктү сегиз миң долларга сатып жиберишкен "Ош электр" ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Билдирмеге ылайык, акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес.

Алар мурунку административдик имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышкан. 1 сотых жер тилкесинин баасы болжол менен 30 миң долларды түзөрү айтылат.

"Ош электр" ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Учурда келтирилген мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

sputnik