4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт

19 января 2021 4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу жетекчиси, майор 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкектен 15тен көп кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Анын бардыгы жакын туугандарына катталган.

Мындан сырткары, Ош шаарындагы 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушунун чыгымын көтөргөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келбей жатканы айтылат.

Финполдун башкармалыгынын башчысы кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда. 

sputnik