Кыздарга кеңеш: Жигиттер баалаган кыздардагы сапаттар

19 января 2021 Кыздарга кеңеш: Жигиттер баалаган кыздардагы сапаттар

Жигиттер сулуу кыздарга гана көз салат десеңиз, анда жаңылышасыз. Ооба, сырткы суулукка маани беришкени менен ички сулуулук жигиттер үчүн өтө маанилүү. Ар бир адамда жакшы да, жаман да сапат болот. Алар бирөөгө жакса, бирөөгө жакпайт. Назарыңыздарга жигиттер жогору баа берген кыздардагы сапаттарды сунуштайбыз.

Чынчылдык. Чындыгы аз коомдо жашасак да, жигиттер кыздардын чыныгы жүзүн көрүүгө ашыгышат. Ошондуктан, сырткы эле эмес, ички чындыкты дагы көрсөткүлө.

Адептүүлүк. Жигиттер кыздын сыпайы, уяң, ыйбалуу болушун каалашат. Өз орду менен сүйлөп, ашыкча кылык көрсөтпөсөңөр, упай силерде.

Назиктик. Жумшак мүнөз кыздарды чын эле назик көрсөтөт. Адепсиздик кызга мүнөздүү эмес. Кыздардын эркектерден негизги айырмасы назиктик экенин унутпагыла.

Акыл. Жигиттер кыздын сулуулугу менен катар сүйлөгөн сөзүнө да көңүл бурушат. Сөз – кыздын ички күзгүсү.

Тыкандык. Ишине тыкын киши баарына жагат. Жигиттер да кыздын бардык ишке тыкан, таза болгонун каалашат.

Сабырдуулук. Жигиттер туруктуу, максат коё билген кыздарды көз жаздым алдында калтырышпайт. Кыздын сабыры менен туруктуулугу жигитке таасир эткен болсо, ушул касиетти жогору баалайт деген сөз. Жинденбеген, жигиттердин кыжырына тийбеген кыздар баарына жагат.

Изденүүчүлүк. Жигиттер билимдүү, өзүн-өзү өнүктүргөн, ар дайым жаңы нерселерди билүүгө умтулган сулууларды жогору баалашат. Мындай кыздардын артынан жигиттер жөн эле ээрчип кетишет.