111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү

19 января 2021 111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү

Крюгер өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Ошондой эле ал тамашаны жакшы көрөрүн жашырган эмес.

Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.

sputnik