Бишкекте батирге уурулукка киргендер бөлмөдөгү камерага түшүп калган

18 января 2021 Бишкекте батирге уурулукка киргендер бөлмөдөгү камерага түшүп калган

Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.

Видео

ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектиндеги батирин ачып киргенин айткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.

sputnik