Сеулда Samsung компаниясынын башчысы жана мураскору 2,5 жылга соттолду

18 января 2021 Сеулда Samsung компаниясынын башчысы жана мураскору 2,5 жылга соттолду

Сеулда пара берүү иши боюнча кайра каралган сот жараяны учурунда Samsung Group компаниясынын башчысы жана мураскору Чжэ Ён Ли эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Ли өкүм чыгары менен сот залында кармалды. Маалыматка караганда, ал Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе менен анын курбусу Чхве Сунь Силдин иши боюнча айыпталды.

Президент эч бир кызматта иштебеген курбусун мамлекеттик иштерге аралаштырганы, экөө "Самсунг" өңдүү ири компанияларга басым көрсөтүп, миллиондогон доллар пара алганы айтылган.

2017-жылы сот компаниянын жетекчисин пара берүүгө, чет өлкөдө активдерин жашырууга, акча кымырууга жана жалган көрсөтмө берүүгө айыптуу деп таап, беш жылга түрмөгө кескен. Ал бизнесмен Чхве Сунь Силдин кызынын чабандестик карьерасына 6,4 млн доллар жумшаганы айтылган.

2018-жылы февралда Чжэ Ён Ли бир жыл абакта отургандан кийин бошотулган. Апелляциялык сот анын беш жылдык түрмө жазасын шартуу жазага алмаштырган жана пара көлөмү кайра каралгандан кийин мөөнөтүн дагы эки жарым жылга чейин төмөндөткөн.

Жогорку сот бул өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Прокуратура аны тогуз жылга камоону сураган.

Чжэ Ён Линин иши Түшүк Кореяда ири коррупциялык жаңжал менен коштолгон. Буга байланыштуу президент Пак Кын Хе кызматынан бошотулуп, кийин соттолгон. Анын курбусу мамлекеттик башчыдан артыкчылыктарды алып турганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган.

centralasian