УКМК Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербегенин маалымдады

18 января 2021 УКМК Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербегенин маалымдады

Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Буга чейин айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тараган.

Бул боюнча Финполдун маалымат кызматы дагы Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылды делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

sputnik