Кош бойлуу аялдын ичинен баласын кесип алган АКШнын тургуну өлүм жазасына кесилди

18 января 2021 Кош бойлуу аялдын ичинен баласын кесип алган АКШнын тургуну өлүм жазасына кесилди

Америка Кошмо Штаттары 1953-жылдан бери биринчи жолу аялды өлүм жазасына кести. Аял мыкачылык менен адам өлтүргөнү жана адам уурдаганы үчүн соттолду.

Ал эми соттолуучунун адвокаттары сот өкүмү менен такыр макул эмес – алар өздөрүнүн коргоочусунун психикалык оору менен ооруй турганын айтып келишкен, деп Deutsche Welle басылмасы жазат.

АКШнын Терре-Хот түрмөсүндөгү 52 жаштагы Лиза Монтгомери өлүм жазасына кесилди.

Анын өлүмү 13-январда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 01:31де ишке ашрылган. Монтгомери 2004-жылы декабрда 23 жаштагы Бобби Джо Стиннетти өлтүргөнү үчүн күнөөлү деп табылган.

Маркум кош бойлуулуктун сезигинчи айында болгон. Сот аныктагандай, аял өзүнүн курмандыгын муунтуп, ичин жарып, баланы уурдап кеткен. Кармоо учурунда ал баарын мойнуна алат. Бала болсо аман калган.

Аялга өлүмгө алып келген иньекция жасалган. Ал эч кандай корккон эмес.