Эч ким көрө элек болсо керек! Тюлендердин жан эргиткен видеосу

18 января 2021 Эч ким көрө элек болсо керек! Тюлендердин жан эргиткен видеосу

Тюлендердин суу үстүнө чыгып, кайра сүңгүп кирип толкун менен жарыша кетип бара жатканы көргөн адамга ырахат тартуулайт.

"National Geographic Россия" сайты өткөн жумада Калифорниянын жээгинде Санта-Барбара аралынын аймагында тартылган видео туурасында жазды.

Видео

Pacific Offshore Expeditions компаниясынын операторлору (анын ичине National Geographic оператору да кирген) эң мыкты кадрларды тартып, интернетке жүктөдү.

Видеонун негизин серфинг кылып бара жаткан кулактуу күрөң тюлендер ээлейт. Анткен менен көргөн адамга суктануу жараткан бул видедон толкундун, айлана-тегеректин, суунун, жалпы жаратылыштын кооздугу жан жыргаткан ырахат тартуулайт.

Тюлендердин толкун менен жарыша бирде секирип, бирде абага ыргып, кайра түпкүргө боюн таштап бара жаткан бул керемет көрүнүшүн операторлор чеберчилик менен көркүнө чыгара тарткан.

Кадрлар өтө тездикти илип кала турган ыкманы колдонуу менен тартылган. Анын үнүн жазуу техникалык жактан мүмкүн болбогондуктан, Pacific Offshore Expeditions жетекчиси Райан Лоулер ага атайын музыкалык коштоону койгон.

sputnik