Кышында эртең мененки тамактан баш тартуу эмне үчүн кооптуу. Адистин жообу

14 января 2021 Кышында эртең мененки тамактан баш тартуу эмне үчүн кооптуу. Адистин жообу

Адистин айтымында, кышкысын сыртта жүргөндө организм жылынууга аракет кылат, ал үчүн абдан көп энергия керектелет.

Кышкысын эртең мененки тамакты ичпей чыгуу ден соолукка бир топ зыян алып келет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунун адиси Перизат Кадыркулова айтты.

"Эртең менен көпчүлүгүбүз табиттин жоктугунан же шашкандан улам көчөгө ачка чыгып кетебиз. Бул туура эмес. Анткени кышкысын сыртта жүргөндө организм жылынууга аракет кылат, ал үчүн абдан көп энергия талап кылынат. Күчтүү тамаксыз болбойт", — деди адис.

Ошондой эле ал кышында жылуу мезгилге караганда 2-3 эсе көбүрөөк энергия керектигин кошумчалады.

Буга чейин Кадыркулова тоңуп, колу-бутун үшүк алган адамга кантип туура жардам көрсөтүү керектигин түшүндүргөн. Анын айтымында, үшүгөн терини майлап, ысытуу үчүн спирт же кар менен сүрткөнгө, ысык сууга салууга болбойт.

sputnik