Бишкекте автоунааларды атайын пульт менен ачып, тоноп жүргөндөрдүн видеосу

13 января 2021 Бишкекте автоунааларды атайын пульт менен ачып, тоноп жүргөндөрдүн видеосу

Бишкекте атайын пульттун жардамы менен автоунааларды ачып, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн делип төрт киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милиция көрсөткөн видеодон белгисиз адам пультту пайдалануу менен автоунааны ачканын көрүүгө болот. Ууруларды издөөгө шаар тургунунун арызы себеп болгон. Анда Hyundai автоунаасынан 15 миң сом жана электрондук сакал алгыч уурдалган.

Мындан улам милиция шаарда кылмыштуу топ жүргөнүн билген. Алар уурулук кылгандан кийин кайрадан автоунааны жаап, изин тазалап кетип турушкан.

Видео

Кармалгандардын курагы 18, 22 (экөө) жана 33 жашта экени аныкталды. Үчөө мурда соттолгондор.

Шектүүлөрдүн бири Telegram мессенджери аркылуу сигнализациянын пультунун ордуна иштей турган жабдуу сатып алганын айтат. Мындай жол менен алар 60 машинаны тоношкон.

Видеодо милиция кызамткери алар кантип иштегенин айтып берди. Эки киши өздөрүнүн автоунаасында отурса, бири башка машинанын эшигин ачып кирип, ичиндегилерди алып чыгып турган. Ошол маалда дагы бирөө көчөдө кайтарып турчу.

Иликтөө иштери уланууда.

sputnik