Министрлик: ЖОЖдордо кадимки тартипте окуу процесси февралда башталат

13 января 2021 Министрлик: ЖОЖдордо кадимки тартипте окуу процесси февралда башталат

КРдин ЖОЖдорундагы кадимки тартипте окуу процесси февралда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

"Азыр ЖОЖ, колледждерде сессия жүрүп жатат. Февралдын башында же ортосунда жазгы семестр башталып, окуу жайлардагы айрым курстар салттуу режимде сабакка бара башташат", — деди министрдин орун басары.

Офлайн-режимге бардык окуу жайдын бүтүрүүчү курстары өтөт. Магистранттар дагы салттуу режимде окуй турганы айтылды. Медицина багытында билим берген окуу жайларда 1-курстан бүтүрүүчү курска чейинкилердин баары кадимки тартипте билим алышат.

Өмүров студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарына катыша турганын белгиледи. Ал эми лекциялык сабактар онлайн-режимде өтөт.

sputnik