Токтогазиев: Кытайга күнүнө 60 тонна эт экспорттоону пландап жатабыз

12 января 2021 Токтогазиев: Кытайга күнүнө 60 тонна эт экспорттоону пландап жатабыз

Өлкөдөгү кайра иштетүү заводдорунун ишин жакшыртып, Кытай жана Араб өлкөлөрүнө эт экспорттоо пландалууда. Бул туурасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өкмөттүн брифингинде билдирди.

Анын айтымында, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Россия, Монголия, Казакстан, Беларусь, Украина жана Польшадан арзан мал алып келип, кайра иштетилген формасында экспортко чыгарылат.

"Азыр бир чоң команда иш жүргүзүп жатат. Араб өлкөлөрү менен жумасына 40 тонна эт экспорттоо боюнча алдын ала келишим түзүлдү. Ал эми Кытай менен өкмөттөр аралык келишимге кол койсок, экспорттун көлөмү күнүнө 60 тоннага чейин жетет. Муну ишке ашыруу үчүн биз сөзсүз түрдө транзиттик потенциалын ишке ашырыбыз керек", — деди Токтогазиев.

Ошондой эле ал министрликтин негизги максаты ички запастарга, сырьёлук базага гана таяна бербей, өлкөнү айыл чарба продукциясын жана сырьёну кайра иштеткен регионалдык хабга айлантуу экенин белгиледи.

sputnik