19-кылымда өлгөндөн кийинки сүрөттөргө арналган мода

9 октября 2018 19-кылымда өлгөндөн кийинки сүрөттөргө арналган мода

 

Фото-сүрөтчүнүн кызматы узак убакыт бою абдан кымбат болгон жана көпчүлүк жакыр үй-бүлөлөр үй-бүлө мүчөлүн “тирүү кезинде” сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүгү жок эле.

Ал эми үй-бүлөдө кимдир бирөө каза болсо, каза болгон адамдын эсинде түбөлүккө жашоого чечим кабыл алышкан. Ошол эле убакта өзүнчө сүрөткө түшүүгө акча коротпош үчүн, өлүктүн жанында сүрөткө түшүп, өздөрүн түбөлүккө сактап калдык дешкен.

Мындай фотосүрөттөр маркумдун элесине арналган сентименталдык азем белекке айланган.

Өлгөн балдар менен наристелердин сүрөткө түшүрүү өзгөчө популярдуулукка ээ болгон, себеби Викториан доорундагы наристелердин өлүмүнүн деңгээли кыйла жогору болгон жана мындай сүрөттөр үй-бүлөдөгү баланын жалгыз портрети болгон.Мындан тышкары, дагеротиптин узакка созулган кармалуусунан тирүү балдарды сүрөткө тартуу кыйын болгон.

Өлүмдөн кийинки сүрөттөр 19-кылымдын аягында популярдуулуктун туу чркусуна жеткен, бирок кийинчерээк азая баштаган.

Мындай сахнага коюуга ылайыктуу сүрөт маркумдун үйүндө да, фотосүрөтчүнүн студиясында да түшүрүлгөн.

Чоңдорду мындай сүрөткө түшүрүү үчүн салттуу олтурган позаны беришкен. Көп учурда айланасы кымбат гүлдөр менен кооздолгон. Сүрөтчү маркумду тирүү көрсөтүү максатында жабык көздү ачык кылып көрсөткөн.

Мындай сүрөттөр салты Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жана Латын Американын католик өлкөлөрүндө дагы эле сакталып келет.