Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты

11 января 2021 Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты

Аткаминер Бишкек — Ош жолундагы туннелден өткөндүгү үчүн айдоочулардан акы алууда каражатты сол чөнтөккө сологон деп айыпталган.

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке келтирген зыяндын ордун толтурду. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамыркалиев 9-январда өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн, 2,5 миллион сомун кайтарган. Ошол эле күнү ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.

Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган. Аны "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктуларынан айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алууда каражатты сол чөнтөккө сологон деп айыптаган.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 30га жакын аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылды.

Финполдун билдиришинче, учурда чыгымдын дээрлик баары, 20 миллион сом, бюджетке кайтарылган.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө аягына чыгып калганы да белгиленет.

sputnik