Капитолийдеги башаламандык: ички террорчулук боюнча 25 кылмыш иши козголду

11 января 2021 Капитолийдеги башаламандык: ички террорчулук боюнча 25 кылмыш иши козголду

Америка бийлиги Капитолийдеги башаламандыкка байланыштуу ички терроризм боюнча 25 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу конгрессмен-демократ Жейсон Кроу айтканын РИА Новости жазды.

Кроу бул жөнүндө АКШнын армия министри Райан Маккарти менен сүйлөшүп, митинг учурундагы аскерлердин аракетин жана коопсуздук чараларын талкуулаган.

"Министр Маккарти Капитолийди басып алгандарга ички терроризм боюнча 25 кылмыш иши ачылганын айтты. Узун найлуу ок атуучу куралдар, өрт кое турчу бөтөлкөлөр (Молотов коктейли), жарылуучу каражаттар, пластик кишендер — чоң балээни алдын алып калганыбыздан кабар берет", — деп жазган конгрессмен Twitter баракчасына.

Кроу ошондой эле башаламандыктарга жоокерлердин да катыштыгы бар деген билдирүүлөргө тынчсызданып жатканын билдирген.

Өткөн жумада Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. Башаламандык учурунда 4 адам каза тапкан.

sputnik