Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар

11 января 2021 Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар

Канайым — эл тарабынан шайланган президенттин жубайы. Жолдошунан айырмаланып бул макамга шайлоодон кийин автоматтык түрдө ээ болот.

10-январда өткөн добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун өмүрлүк жары, биринчи леди Айгүл Асанбаева тууралуу кеп кылабыз.

Маалыматтар Асанбаева буга чейин жергиликтүү ЖМКларга берген маектеринен жана ачык булактардан алынды.

Туулган жери

Айгүл Асанбаева 48 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сан-Таш айылында туулган.

Билими

Мектепти аяктаары менен Каракол шаарындагы медициналык училищеде билим алган. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктаган. 

Жолдошу менен кантип таанышкан

Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Асанбаева коңшу айылдардан болгондуктан, достор менен жаратылышка эс алып чыккан күндөрдүн биринде таанышкан. Асанбаеванын эскерүүсүндө, ал кезде өзү 18, Жапаров 23 жашта эле. Экөө үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүп баш кошкон.

Тун уулунан айрылып калган

Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан келинчеги менен чогуу каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Балдардын аттары: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.

Тилекке каршы, тун уулу Дастан былтыркы жылдын август айында жол кырсыгынан каза болгон. Ал 22-август күнү 7-Апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ооруканада бир нече күн өлүм менен алышып, 26-августта көз жумган. 

Бир небереси бар

2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган. Былтыр жубайлар Саара аттуу кыздуу болушкан.

Үч жыл чет өлкөдө жүргөн

ЖМКларга берген маектерине караганда, жолдошу саясий куугунтукта жүргөндө үч жыл бою балдары менен чет өлкөдө жашаган. Ал кезде Польша жана Россия мамлекеттеринде болгонун айткан.

"Биринчи айым болуу баарына буюра бербейт"

Айгүл Асанбаева ЖМКлардын бирине берген маегинде атасын (Садыр Жапаров — ред.) тосуп алуу үчүн барганда күч органдарына кармалган уулун бошотууга жардам сурап, ошол кездеги канайым Раиса Атамбаевага кайрылганын айткан.

"Тааныштар аркылуу чыгып, 20 жаштагы уулум үчүн сурангам. Бирок ал "мен мындай иштерге кийлигишпейм" деп жооп берген. Мен баарын бошотуп жибериш керек деп айтпайм, болгону уулум кылмыш кылган эмес, атасын гана күтүп чыккан эле. Биринчи айым болуш баарына эле буюра бербейт, кудайдын белеги да. Айкөлдүк, марттык болуш керек деп ойлойм", — деген Асанбаева маегинде. 

Жолдошун активдүү колдоп келген

Садыр Жапаров жазасын өтөп отурган кезде Асанбаева маалымат каражаттары аркылуу өз оюн дайым ачык айтып, маек берип келген. Жолдошун колдоп нааразычылык акцияларына дагы чыккан.

Айгүл аттуу экинчи канайым

Кыргызстандын буга чейинки биринчи ледиси, тагыраагы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жубайынын аты дагы Айгүл. Ал үч жыл өлкөнүн биринчи айымы болуп, жолдошу 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен соң бул макамынан кол жууду.

Парламенттик шайлоого катышкан

2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан. Ал тизмеде 24-номер менен катталган. Бирок ал жерде аты Айгүл эмес, документте жазылгандай Гүлнура Асанбаева деп берилген. Айгүл айымдын социалдык тармактагы баракчаларына караганда, ал шайлоо кампаниясында активдүү иштеп, партиялаштары менен аймактарды көп кыдырган.



sputnik