Төшөктөгү лаззаттан кийин төмөндөгүлөрдү жасоого БОЛБОЙТ!

11 января 2021 Төшөктөгү лаззаттан кийин төмөндөгүлөрдү жасоого БОЛБОЙТ!

Аялыңыз менен (күйөөңүз менен) кошулардын алдында тишиңизди гана эмес, жыныс мүчөлөрдү да жууну, атыр себинүүнү билесиз. Ал эми катнаш өз марасына жеткенден кийин эмне кылууга болбойт экенин билесизби? Муну бардык жубайлар билиши керек!

Түн. Өбүшүү, аймалашуу. Дене балкып, тез-тез ысык дем алып, алышып жатасыздар. Эригениңиздин белгиси болсо керек, денеңиз терге чыланды. “Бүтпөсө экен” деп тилейсиз. Бирок, түбөлүк эч нерсе жок, башталган иш бүтөт. Ооба, бүгүнкү катнаш да өз маарасына жетти. Андан аркы иш-аракетиңиз кандай болот?

Бирөө кийимин кийип, бирөө жуунучу бөлмөгө, ал эми бири тамеки тутантууга, дагы бирөө кетүүгө шашат... Токтоңуз! Алгач, эмнени кылууга болбойт экенин билип алыңыз!

Төшөктөн тез (ыргып) турууга болбойт!

Катнаштан кийин эркектен да, аялдан да урук бөлүнөт. Ошол сыяктуу эле ички организмде да ар кандай бөлүнүүлөр болот. Жыныстык катнаштан кийин бөлүнгөн гормондор бар. Гормондор белгилүү өлчөмдө бөлүнүп, ички суюктук канга, тканга сиңүүсү үчүн 30 мүнөттөй тынч калпта жата тургула.

Ачууланганга болбойт!

Жыныстык катнаш учурунда мээ менен нерв системасында химиялык реакция жүрөт. Адистердин айтмында, мындай активдүү процестен кийин ички секреция бездеринен бөлүнгөн суюктук канга өтөрдө адам ачууланса, ал ууга айланат. Демек, сүттү уютуп, айранга айландыра алган жоксуз, аны ачытып жибердиңиз деген сөз.

Тамеки чегүүгө болбойт!

Жыныстык катнаштан кийин канга адреналин бөлүнөт. Бул артериялык кан басымын жогорулатат. Ал эми кан басым жогорулаганда эмне кылуу керек? Организмди да, нервди да тынчтантууга аракет кылган туура. Тамеки, алкоголдук ичимдик организмге киргенден кийин басымды ого бетер жогорулатып, жүрөккө күч келтирип, өлүм коркунучун арттырат.

Суу ичүүгө болбойт!

Жыныстык катнаш да физикалык көнүгүүгө, тагыраагы бокска окшош. Байкасаңыз, биринчи раунд аякталган кийин, энтигип олтурган боксчуга суу береби? Жок, болгону оозун чайкоого уруксат берет. Анткени, организмге зыян.

Жуунуга болбойт!

Кумардан соң кындын ички назик көңдөйүндө, эркек мүчөсүнүн учундагы териде убактылуу шишик, ооруксунтуу орун алат. Жыныс мүчөсүнүн микрофлорасы катнаштан кийин жыныс мүчөсүнөн бөлүнгөн суюктуктун жардамы менен калыбына келет. Ошондуктан, аны жууп салууга шашпаңыз. Жыныс мүчөнү жок дегенде жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууңуз. Самын, башка дагы химиялык жуучу каражаттарды колдонууга болбойт.