Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө

8 января 2021 Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө

Окумуштуулардын айтымында, имбирди көк чайга кошуп ичсе ден соолукка эки эсе пайдалуу. Өсүмдүк организмге ар кандай оорулар менен күрөшүүгө жардам бере турганы белгиленди.

Имбирь кошулган чай холестеринди азайтууга жардам берип, ракты алдын алып, муун ооруларын жеңилдетет. Бул тууралуу Express басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, имбирдин курамындагы гингерол деген зат ракты алдын алып, дартка каршы турары бир нече изилдөөдө далилденген. Гингерол өсүмдүктүн тамырында боло турганы маалым болду.

Окумуштуулардын айтымында, имбирди көк чайга кошуп ичсе ден соолукка эки эсе пайдалуу.

"30 кишиге эксперимент жүргүзүлгөн. Күнүнө эки граммдан имбирди колдонгондордун ичеги рагына кабылуу коркунучу бир топ азайган. Анткени өсүмдүк аталган органга жакшы таасир этет", — деп айтылат маалыматта.

Имбирдин кан басымдын жогорулап кетишин көзөмөлдөөгө, иммунитетти бекемдөөгө да жардам бере турганы белгиленди.

"Өсүмдүк организмге ар кандай оорулар менен күрөшүүгө жардам берет. Имбирь менен жасалган чай тишке бактерия түшүүдөн да коргоп, жакшы сактайт. Бул өсүмдүктөгү гингерол узак өмүр сүрүүнү да шарттайт. Анткени ал клетканы стресстен коргоп, эрте картаюуну алдын алат", — деп айтылат маалыматта.

Тамак сиңирүүдө да бул өсүмдүктүн чайын ичсе болот. Бирок ашыкча колдонулган имбирь ичти алып, адамды зарна кылышы ыктымал.

sputnik