2021-жылда СИЗДИ эмне КҮТҮП ТУРАТ? (тест)

7 января 2021 2021-жылда СИЗДИ эмне КҮТҮП ТУРАТ? (тест)

Сүрөттөгү 8 кар бүртүкчөнүн бирин тандаңыз. Бир заматта эрий турган назик бүртүкчөнүн “сүйлөй ала турганын” билесизби? Ал үчүн сүрөттө көрсөтүлгөн бүртүкчөлөрдүн ичинен бир форманы тандасаңыз жетиштүү. Кана, сынап көрөлү, карлар сиз тууралуу эмне дешет?

1. Эгерде сизге № 1 кардын жөнөкөй үлгүсү жакын болсо, анда сиз түз мүнөзгө ээ экендигиңизди билдирет. Ушакка аралашпайсыз, укканыңызды айтууга да каршысыз. Элдин сиз тууралуу ою анчалык маанилүү эмес. Сиздин жаныңызда башкалар өзүн коопсуз сезишет. Жаңы жылдык кеңеш: 2021-жылда сиз үчүн каржы маселеси чечилип, ийгиликтүү болот. Сиздин эмгегиңиз бааланып, айлыгыңыз жогорулайт. Сизге жеңилдетилген насыя берем дегендерден этият болуңуз. Ошондой эле авантюристтик кадамдарга барбай эле коюңуз деп эскертилет. “Жеңил" жана “оңой" келген акчанын  эселенип чыгып кетерин жыл бою эсиңизден чыгарбаңыз.

2. Мындай формадагы кар сиздин олуттуу мүнөзүңүздөн кабар берет. Ошондой эле, майдачыл эмес экениңизди билдирет. Жаңы нерселерди кайсы жашта болсоңуз да үйрөнө алган жөндөмүңүз менен айырмаланып турасыз.  Ар бир нерсенин окшоштугу тажатып жиберет. Ошондуктан, баарын тез-тез өзгөртүп турганды жакшы көрөсүз. Жаңы жылдык кеңеш: Кыялыңыз ой түрүндө калбашы үчүн эмгектенишиңиз керек. Сиздеги бир ийгилик – болгону кыймылдасаңыз эле иш өзү эле кыймылдап, иштеп кетет. Андай болсо коркунучту жоюп, чоң иш менен алектенүүнү колго алыңыз.

3. № 3 карды тандасаңыз, эч кимге окшобогон жеке сапаттарыңыз көп экендигин билдирет. Катуу эрежелерди, мыйзамдарды, катуу тартипти жактырбайсыз. Сиз чийип койгон жол менен, курчап койгон тегеректен чыкпай жүрө албайсыз. Сиздин өз жолуңуз, көп адам түшүнө албаган өз дүйнөңүз бар. Эгер бул өзгөчөлүктү чыгармачылык менен айкалыштырсаңыз, анда укмуштуу нерселерди өз колуңуз менен “жандандырып” алсаңыз болот. Жаңы жылдык кеңеш: Бул жыл - сиздин жылыңыз болот. Кыялдарды ишке ашырган космостун да, адамдардын да назарында болосуз. Жумуш ордуңуз жогору карай көтөрүлөт. Кыскасы эч кандай эмгек жана күч коротпой эле кадыр-баркыңыз артат.

4. № 4 кар бүртүкчөсүн тандадыңызбы? Анда сиз шайыр, тамашакөй адамсыз. Кайгы менен муң да сизди басып кала албайт. Жумуштун да жеңил ары оңоюн жасаганды жакшы көрөсүз. Сиз тумандуу чөйрөнү жактырасыз. Жаңы жылдык кеңеш: 2021-жыл – жалгыздыктан арыла турган жыл. Бойдок болсоңуз, тынчтыкты орното турган адамды табасыз. Ал эми үй-бүлөлүү болсоңуз, көңүлүңүз сүйгөн жумушту табасыз. Бардык адамдар менен болгон ортодогу мамиле жакшырат.

5. Мындай карды ар тараптуу, универсалдуу адамдар тандашат. “Алтын кол”, “Чебер кол” деген теңөөлөргө татыктуусуз. Жаңы жылдык кеңеш: Эр жүрөк адамсыз. Ал эми уй жылы бат чечим кабыл алган, кыйындыктардан коркпогондорду жактырат. Андай болсо, чечкиндүү кадам жасоого даярданыңыз. Ийгилик шеригиңиз, коркпоңуз.

6. Классикалык № 6 кар улуттун каада-салтын, үй-бүлөнүн баалуулуктарын сыйлаган адамды өзүнө тартат. Абдан сезимтал, ары чыдамкай адамсыз. Жүрөгүңүз кең, жан дүйнөңүз боорукердикке толгон. Башкаларга жакшылык жасоодон жана аларды кубанткандан ырахат аласыз. Жаңы жылдык кеңеш: Башкы максатыңызга 2021-жылдын жазында жетесиз. Бирок, максатыңызды көбөйтүп, ар бирин чала баштап, анан таштай бербей, бирөөсүнө гана көңүл бөлүүңүз керек. Бирөөнө жетпей туруп, башкасын баштабаңыз.

7. Бул формадагы кар сиздин табитиңиздин бийиктигин көрсөтөт. Мода дүйнөсүндө же үй дизайны менен байланышкан иштерде кирешеңиз менен кабр-баркыңыз жогору болот. Адамдардын да, буюмдардын да тартипсиздигине чыдай албайсыз. Чындык менен жөнөкөйлүктү жана табигыйлыкты жактырасыз.  Жаңы жылдык кеңеш: Жаңы жылда лидерлик жөндөмүңүз жогорулайт. Жаңы идеялар оюңузду ээлеп алат. Жемиштүү идеяны ишке ашырсаңыз, жыл кирешелүү болот.

8. Бул кар бүртүкчөсү “чыныгы” дегенди билдирет. Үй-бүлөсүндө чыныгы жубай, кызматта чыныгы адиссиз. Психологдордун айтымында, мындай карды көбүнчө “Биринчи класстагы” адамдар тандашат. Өзүңүздү кармай билүү жана тең салмактуулук абройуңузду бардык чөйрөдө көтөрөөрүн унутпаңыз. Жаңы жылдык кеңеш: Сиз үчүн 2021-жыл тынч ары жемиштүү болот. Кокустан өзгөрүү, күтүлбөгөн окуялар орун албайт. Шашылбай убакыт нугу менен жылып олтуруп, көздөгөнүңүзгө жетесиз. Керектүү нерсенин баары сизге өзү келет.