Устукансыз той өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү кандай карайт? 6 пикир

3 декабря 2018 Устукансыз той өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү кандай карайт? 6 пикир

Ырчы Мирбек Атабековдун устукансыз өткөргөн тоюн көпчүлүк кызуу талкууга алды. Арасында артистти колдогондор да, аны жектегендер да болду.

Устуканы жок той өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү — депутат, министрлер кандай карайт, эт тартылбаган той тууралуу этнограф эмне дейт? Sputnik Кыргызстан агенттиги пикирлерди укту.

Кайсы респонденттин пикири жакса, сүрөттүн оң жагындагы белгини басып, добуш берсеңиз болот.

Абдыкерим Муратов. Этнопедагог, профессор

Устукансыз той өткөрүү – бул, албетте, азыркы ысырапкерчиликтен улам айтылып аткан нерсе. Дүйнөнүн не бир дүңгүрөгөн тойлору устукансыз эле өтөт. Бирок ошол эле таанымал ырчы Мирбек Атабеков конокторго уча тартып, устукан койбогону менен баасы бир союшка тең келген торт алып кирип атпайбы. Эттин ордуна – торт, баягы эле ысырапкорчулук, кыргыз салтынан ордуна – европалык салтты киргизүү. Анан ал бул кичине эле тойчук, балдардын жакшылыгы деп жатат, кийин ошол баламды үйлөп, кызымды узатканда устукан тартам дебедиби. Демек, ырчы устуканга каршы эмес, анын кайсы жерде, кайсы тойдо тартылышы тууралуу айтууда. Албетте, устукандын да чеги болушу кажет. Мисалы, түштүктүн чөл райондорунда, өзбек, тажик туугандарда чоң устукандарсыз, деги эле жиликтерсиз эле тамак тартылат, коноктор ошого батасын аябай эле берип кетет. А тоолуу жерде тоолуктар үчүн ар бир устукандын салмагы бар, орду бар, ээси бар. Бул улуттук салт, кыргыздык менталитет. Муну оңойлук менен жеңе албайбыз, жеңиштин азыркы шартта кереги да жок. Эгер устуканды жок кылабыз десек – өлгөн жердеги кара ашка союлган малдардан баш тартуубуз керек. Өлүм бул – той эмес, камынтпай келет, маркумдун артында эртеңки күнгө да оокаты калышы зарыл, анан ушул жерде төрт-беш жылкы союлуп, кошоктун коштоосунда устукан мүлжүп отурбайбызбы... Мунубуз уят...

Максат Сабиров. Жогорку Кеңештин депутаты

Салт деген салт да. Айрымдары аны сактайт, кээ бири көңүл бурбайт. Мисалы, чет өлкөгө барып, ал жакта убактылуу жашап келген жаштардын тойго болгон көз карашы өзгөрүп калат. Жаштар акырындык менен өз жолу менен кетип баратат. Мындан кыр издөөнүн кереги жок. Майрамды ар ким өз каалоосуна жана дараметине жараша өткөрө берсин. "Тиги мындай той бериптир" деп сөз кылып аны башкалар менен салыштырган адамдарды жактыра бербейм. Мындай теманы талкуулагым да келбейт. Анткени ал ар кимдин өз иши. Мен деле тойду устукансыз өткөрүп коймокмун. Эмнеси бар экен?

Жамшитбек Калилов. Транспорт жана жолдор министри

Азыр тойлордо устуканды эч ким деле аягына чыга жебейт. Мен тойдон алган шыбагамды ооз тийип туруп жанымдагы адамдарга берип коем. Бара-бара тойду устукансыз, ашыкча шаан-шөкөтсүз деле өткөрсө неге болбосун. Мен деле өткөрө алмак болушум керек.
Бир жолу досумдун баласы үйлөнмөк болду. Атасы "көп кишинин жакшылыгына баргам, алардын баарын кантип чакырбай коем" дегенде, баласы "бул той менин, анан келиниңиздин майрамы. Сиз чакыра турган адамдардын көбүн тааныбайм" деп чоң тойдон баш тартып койгон эле. Жакын санаалаштары барып куттуктап кеттик. Азыр эки жаш жакшынакай эле жашап жатат. Бул деле бир чети туура. Ичкилиги жок жакшынакай адал тойлор болуп жатпайбы.

Алмазбек Баатырбеков. Жогорку Кеңештин депутаты

Бул нерсе эми ар бир адамдын өзүнөн көз каранды, кандай кылып өткөрсө ар кимдин өз иши. Бирок жеке мен айылда чоңоюп өскөндүктөн, тойго келген жакындарым, туугандарыма устукан тартпай койсом алар туура эмес түшүнүп калышы ыктымал. Мен андай кыла алмак эмесмин.

Кожобек Рыспаев. Жогорку Кеңештин депутаты

"Айылда төрөлүп-өскөн адаммын. Жердештерим бул салтты азыркыга чейин катуу кармашат. Анан эле тоюмду устуканы жок өткөрүп салсам... билбейм. Ойлонуш керек экен. Мени курчаган адамдардын арасында тойду бешбармагы жок өткөрө тургандар аз. Алардын жакшылыгына барганда устукан алып, сыйын көрүп, анан өзүм той бергенде эт тартпай койсом болбой калат го. Дос-тааныштарымды таарынтып алышым мүмкүн.

Азамат Жаманкулов. Маданият жана туризм министри

Учурда Маданият министрлиги тарабынан тойдун жаңы форматы даярдалып жатат. Буга чейин сынак жарыяланып, анын негизинде 12 эмгек келген. Комиссия менен биргеликте баарын карап чыктык. Идеалдуу эмгек жок экен, бирок ар биринен жакшы сунуштарды алдык. Тойдун жаңы форматы жакында коомчулуктун талкуусуна коюлат. 
Жеке оюм боюнча тойдо ашыкча мал союунун кажети жок, бирок бешбармак тартылышы керек го деп ойлойм.
Үлпөт тоюмду тойдун жаңы форматынын негизинде үлгү катары өткөрсөмбү деп ойлогом, бирок ага жетишпей калдык. Үлпөт тойдо устукан тартылды, бирок кийинки жакшылыктарды жакындардын курчоосунда чакан эле форматта өткөрөм.


Дагы: sputnik.kg, автор - Таалайгүл Усенбаева,  фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков