Оозунун чоңдугун көрсөтүп, миң доллар алды (видео)

5 января 2021 Оозунун чоңдугун көрсөтүп, миң доллар алды (видео)

Тик-Ток каналында популярдуулукка ээ болгон оозу чоң америкалык аял  ITV каналындагы "This Morning" программасында оозун көрсөттү. Бул тууралуу Daily Mail жазат.

АКШнын Коннектикут штатынын Стемфорд шаарынын тургуну 30 жаштагы Саманта Рамсделл жазда коронавирус пандемиясы башталган кезде Тик-Токко видео тарта баштаган. Көп өтпөй көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн эни 9,25 сантиметр болгон оозуна кызыккандар көбөйгөн.

“Мен видеомду жарыялай баштаган кезде айрымдар “оозуңда эмне бар?” деп сурай башташты. Мен жооп иретинде күлкүлүү видеолорду тарта баштадым”, -дейт аял.

Натыйжада бир нече ай ичинде ага 875 миңден ашык адам катталган. Ушундай популярдуулуктун аркасы менен ал ар бир видео үчүн 14 миң долларга чейин табат.

This Morning берүүсүүнүн алып баруучулары Саманта Рамсделдин башынын макетин жасашып, оозуна алма, пончик, жарым бүктөлгөн сендвич менен балаты салышкан. Алар менен видео аркылуу сүйлөшкөн америкалык аял алманын оозуна оңой кире турганын көрсөткөн.