Чемпион Улукбек Жолдошбеков балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Сүрөт

4 января 2021 Чемпион Улукбек Жолдошбеков балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Сүрөт

Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков белгилүү балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү.

Спортчу Instagram баракчасындагы Stories бөлүмүнө "күйөө бала даяр" деп жазган.

Эки жаштын тоюндагы кадрларды спорт дүйнөсүнүн өкүлдөрү жүктөп жатат. Жубайынын аты Мунара Жуманазарова экени, ал айтылуу балбан кыз Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси экени белгилүү болду. Экөө социалдык тармак аркылуу таанышып, эки жыл сүйлөшүшкөн. Кыз 23 жашта, спорттон алыс.

Ал эми Мээрим Жуманазарова жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда биринчи орунду камсыздады. Бир нече жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын байге ээси 21 жашта.

Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы Түркияда өткөн Takhti Cup эл аралык мелдешин утуп, ошондой эле 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугун жеңип алган.

Балбандын былтыр Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда атаандашын өзүнүн үстүнөн ашыра чимирилип чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мелдештин мыкты ыкмасы деп баалаган.

sputnik