25 жаштагы кыз өз сиңдисин төрөдү

4 января 2021 25 жаштагы кыз өз сиңдисин төрөдү

Шотландиялык аял ден соолугуна байланыштуу балалуу боло албаган энесине бала төрөп берди.

25 жаштагы Холли Саммерс өзүнүн энесине ушундай өзгөчө жол менен жардам берери тууралуу чечимди эч ойлонбостон кабыл алган, деп Daily Record басылмасы жазат.

Анын 49 жаштагы апасы менен 46 жаштагы өгөй атасы балалуу боло алышкан эмес. Холли энеси үчүн бала төрөп гана тим болбой, жумуртка клеткасынын донору болду.

Бала төрөгөн Холлинин үч жашар кызы бар. Холли жаңы төрөгөн кызды өз энесине берди жана аны сиңдисиндей көрөт.

“Мен аны энеме эч ойлонбостон өткөрүп бердим”, - деп ал эмоциялары менен бөлүшкөн.

Ошондой эле, ал келечекте кыздын төрөлүшүнүн чоо-жайын айтып берерин билдирген.

“Биз Виллоу (кыздын аты) чоңойгондо чындыкты гана айтабыз. Анын кантип дүйнөгө келгенин айтып беребиз. Мунун баары маанилүү”, - деди Холли.