2021-жылы төрөлгөн балдар канча жыл жашашат: божомол жарыяланды

4 января 2021 2021-жылы төрөлгөн балдар канча жыл жашашат: божомол жарыяланды

Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНИСЕФ балдар фонду бүткүл дүйнө боюнча 2021-жылга арналган балдардын төрөлүшү боюнча божомолун жарыялады.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 2021-жылы болжол менен 140 миллион бала дүйнөгө келет. Алардын орточо жашоо узактыгы 84 жалды түзөт. Бул алардын көпчүлүгү 2100 жылды тосуп алып, 22-кылымдын башталышына күбө болот дегенди билдирет.

“Бүгүн туулган балдар бир жыл мурункуга караганда такыр башка дүйнөгө кирет, ал эми жаңы жыл аны кайра карап чыгууга жаңы мүмкүнчүлүк берет. Бүгүн төрөлгөн балдар биз алар үчүн кура баштаган дүйнөнү мурасташат. 2021-жылды балдар үчүн адилеттүү, коопсуз жана дени сак дүйнө кура баштай турган жыл кылалы”, - деди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Хенриетта Фор.