Уй жылындагылар токтоо болот: Туулган жылы боюнча адамдардын кулк-мүнөзү кандай

25 декабря 2020 Уй жылындагылар токтоо болот: Туулган жылы боюнча адамдардын кулк-мүнөзү кандай

Эл арасында адамдардын кулк-мүнөзүнө анын туулган жылы таасир этет деген кептердин көп айтылары чын. Мындай божомолдор нумерология менен астротөлгөдө да көп кездешет. Анда назарыңыздарга кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

1. Чычкан жылында дүйнөгө келгендер

Алар үстү-башын таза кармап, сак жүрүшөт. Той-топур, шаң-шөкөттөн өзүн оолак кармоого аракет кылышат. Мүнөзү – текебер, болбогон нерсеге таарынып калат.

2. Уй жылында дүйнөгө келгендер

Уй жылында төрөлгөндөр токтоо келишет. Тууган-туушкандарынын, өзүнүн кайгысына катуу батып, кимге болбосун жардамын аябайт. Кээде бул кылыгы өзүнө зыянын тийгизет. Башкалар булардын жакшылыгын тез унутушат, бирок кыйгач басышса, аларга түшүнүү менен карашат.

3. Жолборс жылында төрөлгөндөр

Кызуу кандуу, ачуулуу, башкага бийлик жүргүзгөндү жактырышат, эч нерсеге көңүлү толбойт, бир ишти колго алса, жол тоскон адамдарды жактырышпайт, аларды беттен алып, таарынтышат.

4. Коён жылында төрөлгөндөр

Коркок. Ар бир нерседен тынчсызданып турушат. Сыр сактоону каалашпайт. Маанилүү иште өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Ар дайым маанайына жараша иш кылган адам.

5. Балык жылында төрөлгөндөр

Жабык мүнөз, болушунча жөнөкөй көрүнүүгө аракет кылышат. Олуттуу, сырды сактай билген, көбүнчө үнсүз жүрүүнү жактырган адам. Анын колунан чоң иштер келет, кайсы иш болбосун акылы менен жалгыз чечүүгө умтулат.

6. Жылан жылында төрөлгөндөр

Сырткы көзгө уяң көрүнөт, маанилүү иштерден качып жүрөт. Коюлган суроого анык жооп кайтарбайт. Тайсалдап жооп берет. Башына балээ болуп жабышкан нерсе- тили. Жинине тийсе, уяңдыгын коюп, чыныгы кулк-мүнөзүн көрсөтөт. Өзүңө зыян келтирүүнү каалабасаң жыландан оолак жүр.

7. Жылкы жылында төрөлгөндөр

Булар – “жумушчу ат” сыяктуу. Жумуштан эч качан тажабай, эртеден кечке бир тыным алышпайт. Айтор, күнү бою тыпылдап, жаны жай албайт.

8. Кой жылында төрөлгөндөр

Булар кичине нерсеге ачууланышат. Көздөгөнүнөн кайтышпайт. Ошондой учурда өзүнө да, жанындагыларга да кооптуу. Өзүн жарга такаган мүнөзү – чечимди өтө шашылыш кабыл алгандыгы.

9. Маймыл жылында төрөлгөндөр

Алар – өзүн-өзү сүйгөн адамдар. Саркеч, ыр-бий жаңырган кызыктуу кечелерди жакшы көрөт. Өзүн башкалардан артык санайт.

10. Тоок жылында төрөлгөндөр

“Үй күчүк”. Үй кожейкесине камкор болуп, ар бир адам менен тез тил табышат, үй-бүлөсүнө ишенимдүү. Акыл-ою бир башына жетерлик.

11. Ит жылында төрөлгөндөр

Бул жылда дүйнөгө келгендер сөзгө чечен келишет жана талаш-тартыш, жаңжалга токтоосуз аралашып кетишет. Бирок, эч кимге зыяны жок.

12. Доңуз жылында төрөлгөндөр

Жалгыз, жаратылыш кучагында, бактарда иштеп, көңүлдүү кечелерге катышканды жакшы көрөт. Көп нерсеге башын оорутпайт, көп ойлонбойт. Үй-бүлөсүндө бала-чакасы көп болот.