Эксперт: смартфондордун күнү бүтүп бара жатат

23 декабря 2020 Эксперт: смартфондордун күнү бүтүп бара жатат

Кадимки смартфондордун күнү бүтөрүнө аз гана убакыт калды. Көпчүлүк 5G түйүнүн колдоно баштаганда, телефондордун ордун көз айнек түрүндө чыккан жабдуу ээлей баштайт. Бул тууралуу Business Insider басылмасына Qualcomm компаниясынын президенти Кристиано Амон билдирген.

Макалада жазылгандай, маалымат технологиясы менен алектенген ири компаниялар ушул сыяктуу продукция иштеп чыгып, прототиптерин көрсөтүшкөн.

Эксперт "эки жылдан кийин биздин дүйнө түп орду менен өзгөрөт" деген оюн билдирген. Анын айтымында, жакын арада жөнөкөй көз айнектен айырмаланбаган жабдуулар сатыла баштайт.

"Техникалык жактан алганда бул жабдуулар "акылдуу" болот. Анын жардамы менен ээлери соцтармакта баарлашып, айлана-чөйрөгө керектүү маалымат жана образдарды жүктөп тура алат. Жабдуу коммуникацияда революция жасайт. 5G түйүнүнүн жардамы менен көз айнектер "булут" системасына жеткиликтүү болот", — деди Амон.

Адис VR/AR тармагындагы заманбап жабдууларга мобилдүүлүк жетишпей жатканын кошумчалаган.


sputnik