Ракты чакырган тамактардын тизмеси. Биз буларды күнүгө жейбиз...

3 декабря 2018 Ракты чакырган тамактардын тизмеси. Биз буларды күнүгө жейбиз...

Адистер рактын алдын алам деген адамдарга бул тамак-аштан оолак болууну сунуштайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө ар бир алтынчы адам рактан өлөт. 2018-жылы эле залалдуу шишик дүйнөдөн 9,6 миллион өмүрдү алып кетти. Адистердин айтымында, ракка чалдыккандардын үчтөн бир бөлүгү ооруну туура эмес тамактануудан улам илештирип алат. РИА Новости агенттиги кайсы азык-түлүктөр кооптуу экенин адистердин пикирине таянып тизмектеп чыккан.

Кант

Кант жана аны алмаштыруучу ар кандай каражаттар тизмеде биринчи орунда турат. Шекерди өтө көп жеген адамдарда ашыкча салмак пайда болуп, жүрөк кан тамырлары ооруларын пайда кылат. Ал эми канттын ордуна колдонула турган кажараттардын курамындагы боек, жыт жана даам берүүчү заттар организмге уудай эле таасир этет.

Колбаса

Колбасада колдонулган кайра иштетилген этти байма-бай жеген адамдарда ракка чалдыгуу коркунучу 18 пайызга өсөрүн Эл аралык ракты изилдөө борбору аныктаган. Бул азыкты күнүнө 50 граммдан ашык колдонууга болбой турганы айтылат.

Майлуу тамак

Өтө майлуу тамактар агрессивдүү ракты пайда кылары аныкталган. Анткени май организмде холестеринди көбөйтүп, ичегиде шишиктин пайда болушун шарттайт.

Туура эмес даярдалган тамактар

Француз жана бразилиялык окумуштуулардын айтымында, ракка алып келчү азыктардын катарында ундан жасалган таттуулар, газдалган суусундуктар жана тез татымдар бар. Бул азыктардын бардыгына кант, кайра иштетилген эт, даам, түс жана жыт бере турган заттар өтө көп кошулуп даярдалат.



Дагы: sputnik.kg, фото - © AFP 2018 / JOEL SAGET