WhatsAppта акы төлөнүүчү билдирүүлөр пайда болду

9 октября 2018

WhatsApp колдонуучулары жарнамалык жана кызматтык билдирүүлөр үчүн акы төлөйт.

Бул функциянын ишке кошулганы тууралуу өткөн жылы маалым болгон.

“Компанияга кээ бир билдирүүлөрдү жиберүү үчүн акы төлөнөт. Мындай жол менен алар кандай билдирүүлөрдү жиберерин тандайт. Ал эми сиздин уюлдук телефонуңуздагы билдирүүлөрдө эч кандай башаламандык болбойт”, - деп компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

Компания жаңы функциясынын ишке кошулганына карабай, колдонуучулардын билдирүүлөрү мурункудай шифрлөө аркылуу корголорун белгиледи. Ошондой эле, алар каалаган кампанияны кнопканы бир жолу басуу аркылуу бөгөттөөгө болорун айтты.