Таиланддагы пляждын жээгин акулалар каптады

3 декабря 2018 Таиланддагы пляждын жээгин акулалар каптады

Экологдор мындай көрүнүштү жакшы жышаан деп эсептешүүдө.

Таиланддагы Пхи-Пхи-Ле аралындагы белгилүү Майя пляжынын жээгине жүздөгөн акула сүзүп келди. Бул тууралуу РИА Новости AFP басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, экологдор мындай көрүнүштү жакшы жышаан деп эсептешүүдө. Анткени жаратылышты калыбына келтирүү үчүн Майя пляжы ушул жылдын июнь айында жабылган.

Жергиликтүү бийлик булуңдагы массалык туризмдин айынан деңиз жандыктары жоголуп бара жатат деген жүйө менен көлгө түшүүгө тыюу салган.



Дагы: sputnik.kg, фото -  интернеттен алынды