Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер

21 декабря 2020 Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер

COVID-19 вирусуна каршы вакцина алгандан кийин бир катар эрежелерди сактоо керектигин РИА Новостиге Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) билдирди.

"Организм стресске кабылбашы керек. Маселен, адам үшүп же өтө ысып кетпеши зарыл, ошондой эле аллергиялык реакцияны чакырган тамак-аштардан оолак боло турганы оң", — деп билдирди мекеме.

Декабрдын башында Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы массалык түрдө эмдеп баштоону тапшырган. Алгач тобокел тобунда тургандар вакцина алары белгиленген болчу.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

sputnik